Ош шаарында текстиль фабрикасы курулуп жатат

Ош шаарында ири текстиль фабрикасы курулуп жатат. Ишкана 7 миңге чейин адамды жумуш менен камсыздайт. Фабриканын ээси, ишкер Нурбек Осмоновдун 9-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековго берген маалыматына караганда, текстиль фабрикасы кийим-кече тигип, кездеме токуп чыгарат.

Ишкананын жылдык кубаттуулугу 10 миллион даана кийим-кече тигип, 1,5 миң тонна пахта менен жүндөн 4,5 миллион метр кездеме чыгарууга эсептелген. Өндүрүштө Жапония менен Германиянын шаймандары колдонулат.

 

Фабрикага жалпысынан 38 млн. доллар инвестиция салынган, анын 970 миллион сому курулушка жумшалган. Осмоновдун маалыматы боюнча, өндүрүшкө ишкерлер өз каражатынан тышкары «РСК Банктан» 6 млн. доллар насыя алып сарпташкан. Учурда Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташуу маселеси сүйлөшүлүп жатат.

 

Текстиль фабрикасы жылына 16 миң тонна чийки затты талап кылат. Бул талапты канааттандыруу үчүн Кара-Суу, Араван жана Ноокен райондорунда пахтаны кайра иштетүүчү заводдорду курууну максат кылган. Муну менен катар пахта майын өндүрүүчү завод курулмакчы.

 

«Кыргыз текстиль ЛТД» ишканасы Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон берки аралыкта курулган алгачкы ири текстиль фабрикасы.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков фабриканын курулушун кубаттап, «Айыл Банк», «РСК Банк», кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жана «Кепилдик фондунун» өкүлдөрүнө жергиликтүү өндүрүшкө жеңилдетилген насыя берүүнүн зарылчылыгын айтты.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-сентябрда Ошко жумушчу сапар менен барды. Мамлекет башчы 9-10-сентябрь күндөрү Ош шаарын жана облусту кыдырат.

Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнүн Кең-Сай массивинде курулуп жаткан фабриканын 700 чарчы метри 6-сентябрь күнү өрттөнүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги милиция менен чогуу өрттүн чоо-жайы иликтешүүдө. (