Президенттикке талапкерлердин кол тамга чогулткан барактары 3-декабрга чейин кабыл алынат

Президенттикке талапкерлердин кол тамга чогулткан барактары 3-декабрга чейин кабыл алынат. Боршайкомдон билдиришкендей, талапкер 30 миң жарандын колун чогултушу керек.

 

Аларды текшерүүгө комиссияга  8 күн талап кылынат. Ал эми өлкөнүн башкы постуна каалоочулардан арыздар жана тиешелүү документтер   14-ноябрга чейин кабыл алынат. Учурга карата 7 талапкер каттоого алынды. Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.