Түркиядан 326 кыргызстандык жаран келди

Түркиядан 326 кыргызстандык жаран келди. Алардын арасында жашы жете элек балдар да бар.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык,

бул каттам менен Малайзия, Түндүк Кипр, Израиль, Болгария, Канада, Европа, Азия жана Африка

өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу мүмкүн болду. Бул Түркия эл аралык

аба каттамдарды кайра жанданышына жана чет элдик жарандардын

кирүүсүнө болгон чектөөнүн жокко чыгарылышына байланыштуу.