Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 29 миллиард сомго жакын каражат жумшалат

Ушул жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 29 миллиард сомго жакын каражат жумшалат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет. Маалыматка караганда, өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө 16 миллиард сомдон ашык, ал эми ички бересесине 12 миллиард сомдон көбүрөөгү жумшалат. Белгилеп кетсек,  Кыргызстандын учурдагы тышкы карызы 4… Кененирээк…

Европа Биримдиги Кыргызстанга 5,5 миллион евро бөлдү

  Европа Биримдиги Кыргызстанга 5,5 миллион евро бөлдү. Ал грант катары Финансы министрлигине тапшырылды. Бул каражат өлкөнүн социалдык секторуна колдоо көрсөтүү программасынын алкагында которулду. Биримдик 2014-жылдан баштап аталган секторду колдоо максатындагы программаларга акча бөлүп келет. Каражаттын жалпы суммасы 174 миллион еврону түзөт.

Улуттук банк валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк валюта рыногуна чыкты. Кечээки интервенцияда өлкөнүн башкы каржы мекемеси 28 миллион доллар сатты. Операция азырынча натыйжа бере элек. Ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 69 сом 80 тыйындан сатып алып, кайра 69 сом 90 тыйынга сатышууда.   Кошумчалап кетсек, жыл башынан бери… Кененирээк…

Кыргыз-Кытай товар жүгүртүүсүндө 3 миллиард доллар айырма чыкты

Кыргыз-Кытай товар жүгүртүүсүндө 3 миллиард доллар айырма чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев билдирди. Анын айтымында, биздин өлкөгө Кытайдан 1 миллиард 900 миллион доллар импорттолгон. Кытайдын маалыматы боюнча ал импорт 5 миллиард доллар көлөмүндө. Дал келбөөчүлүк эки тараптын эки башка көрсөткүчтөрүнө байланыштуу. Бул жагдай биз… Кененирээк…

Кыргызстан бюджети коррупциядан 6 миллиард 706 миллион сом зыян тартты

Кыргызстан бюджети коррупциядан 6 миллиард 706 миллион сом зыян тартты. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришкендей,  бул 2018-жылга салыштырмалуу 451 миллион сомго көп.   5,5 миллиард сом мамлекетке кайра өндүрүлүп берилген. Былтыр Каржы полициясы коррупцияга байланыштуу 915 кылмыш ишин сотко чейинки өндүрүшкө каттады.

Алтын резервдин көлөмү 2 миллиард 432 миллион долларды түздү

Январдын аягында Кыргызстандын алтын резервинин көлөмү 2 миллиард 432 миллион долларды түздү. Улуттук банктын сайтында жазылгандай, бул 2002-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Белгилеп кетсек, Улуттук банк 31-январда доллардын курсун кармап туруу үчүн 31 миллион доллар саткан. Алтын валюта запасы Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Россия Канттагы аскер базасы үчүн Кыргызстанга жылына 4,8 миллион доллар тѳлѳп турат

Россия Канттагы аскер базасы үчүн Кыргызстанга жылына 4,8 миллион доллар тѳлѳп турат. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазышууда. Маалыматка караганда, мындай эсептѳѳлѳр эки ѳлкѳнүн ортосундагы макулдашууда кѳрсѳтүлгѳн.   Келишим жакынкы күндѳрү Россиянын Мамлекеттик думасы тарабынан каралып чыгат. Белгилеп кетсек, база ашыкча 58,32 гектар жерди ээлегендиктен ижара… Кененирээк…

Өкмөт мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн 192 миллион сом пайда тапты

Өкмөт мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн 192 миллион сом пайда тапты. Тиешелүү фондунун төрагасы Жылдызбек Исагуловдун айтымында, 2019-жылы электрондук сатууну жана аукционду киргизүү менен бул сумма биринчи жолу жогорку чекке жетти. Ал эми мүлктү башкаруудан бюджетке 2,5 миллиард сом түштү. Ижарага берилген 10,5 миң мамлекеттик мүлктүн… Кененирээк…

Кыргызстандан Грузияга темир жолу аркылуу мазутту экспорттоо башталды

Кыргызстандан Грузияга темир жолу аркылуу мазутту экспорттоо башталды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлайт. Маалыматка ылайык, Азербайжан, Грузия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан темир жол башчылары эл аралык мультимодалдык маршруттарды өнүктүрүү, контейнердик поезддерди тоскоолдуксуз кыска убакыттын ичинде өткөрүү жана бирдиктүү тарифтерди колдонуу… Кененирээк…

Улуттук коопсуздук комитети Бирдиктүү депозиттик эсепке 67 миллион сом которду

Улуттук коопсуздук комитети Бирдиктүү депозиттик эсепке 67 миллион сом которду. Атайын кызмат аманаттык эсеп ачылгандан бери өлко казынасына кайтарган акчасынын суммасы 371 миллион сомдон ашты.   Эске салсак, бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылы президенттин тапшырмасы менен ачылган. Ага коррупциялык иштерден кайтарылган каражаттар которулуп келет. Чогулган акча… Кененирээк…