Токтогул сактагычында суунун көлөмү кескин азаюуда. “Электр станциялары” ишканасынынан билдиришкендей, учурга карата резервуарда 8 миллиард кубометр суу калды.
Нымдуулуктун агып кириши 151 куб, ал эми сарпталуусу 443 кубометрге барабар болууда. Белгилеп кетсек, Токтогул максималдуу түрдө сууга толгондо – 19,5 миллиард кубометрге жеткен, орточо көлөм – 17 миллиард куб болушу керек.
Критикалык чекке аз калганына байланыштуу, жарандарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат.