Вируска кабылган бейтаптар менен байланышта болгондорго инкубациялык мөөнөт алдыңкы 2 күндө аяктайт

Вируска кабылган бейтаптар менен байланышта болгондорго инкубациялык

мөөнөт алдыңкы 2 күндө аяктайт. Бул тууралуу Бишкектин коменданты

Алмазбек Орозалиев билдирди. Ал белгилегендей, бул күндөрү жарандар

себепсиз көчөлөргө чыкпай турушу зарыл. Инкубациалык мөөнөттүн соңуна

чыгышынан улам ордо калаада көчөлөрдөгү кыймылды чектөө кеңейтилип,

күчөтүлөт. Негизинен, базар жана соода борборлорунун айланасына

санитардык өткөрмө түйүндөрү орнотулат. Вирустун алдын алуу иштери

жарандардын чогулуусуна бөгөт коюу максатында аткарылат.