Ысык-Көл облусуна кирип-чыгууга тыюу салынган жок

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгууга тыюу салынган жок. Аймактан чыгууга жана ал жакка Бишкек тараптан кирүүгө тыюу салынды деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Облустук штабдын маалымат катчысы Жаныбек Кожоев билдиргендей, кыймыл мурдагыдай эле аткарылып жатат, чектөөлөр жок. 1-июнда кабыл алынган тартип боюнча, аймакка кирип-чыккандардын дене табы өлчөнүп жатат.

 

Белгилеп кетсек, социалдык тармактарда 21-июндан баштап Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыюу салынды деген  маалымат тараган.