Ысык-Көл облусуна жаңы губернатор дайындалды

Ысык-Көл облусуна жаңы губернатор дайындалды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Илияз Иманбетов президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ал бүгүнкү күнгө чейин Каржы министринин орун басары болуп иштеп жаткан.

Эске салсак, аймактын буга чейинки жетекчиси Алтынбек Сулайманов кечээ өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Чиновник мунун себебин азыркы жергиликтүү башкаруу системасынын чабалдыгы менен байланыштырган.