Ысык-Көл районунда сел жүрдү.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ Ананьево айыл аймагында катуу жааган жаандан улам Көк-Дөбө айылында сел жүрүп,
4 турак үйдүн короосун суу каптады. Тазалоо иштерине өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери,
жергиликтүү тургундардан 5 киши жана айыл аймактан оор техника тартылды.
Учурда тазалоо иштери аягына чыкты.