Жаңы рейтингде Валентина Шевченко 3-орунду ээледи.
UFC уюмунун салмак даража эске алынбаган аялдар арасында түзүлгөн жаңы рейтинг жарыяланды.
Анда Аманда Нунес лидерлик кылса, 2-орунду кытайлык Вэйли Жанг ээледи.
Тизме түзүүдө Абу-Дабидеги Яс аралында өткөн турнирдин жыйынтыгы эске алынды.
Учурда Валентина Шевченко жеңил салмактагылар арасында чемпион болуп эсептелет.