Жалал-Абадда баалар көзөмөлгө алынат.
Мэриядан билдиришкендей, шаарда азык-түлүктүн кымбатташы боюнча жыйын өтүп анда,
эт, өсүмдүк майы, кумшекер, күрүч жана башкалардын кымбатташы боюнча маселе көтөрүлдү.
Муниципалитеттен белгилешкендей, бүгүнкү күндө Жалал-Абадда эттин килограммы 440 сомго жетсе,
майдын литри 120 сомго бааланууда. Жакынкы аралыкта чиновниктер азык-түлүктү дүңүнөн
сатуучуларга маалыматтык иш-чараларды өткөрүп баштайт. Белгилеп кетсек, өлкөдө жыл
башынан бери өсүмдүк майынын баасы 40 пайызга, ал эми кумшекер 13 пайызга жогорулады