Жергиликтүү кеңеш депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-июлга чейин чыгарылат

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-июлга чейин чыгарылат. БШКнын маалыматына ылайык, ага чейин бюллетендерди кол менен саноо жүргүзүлүп, отурумдар өткөрүлүп, шайлоого катышкан добуш берүүчүлөрдүн тизмеси илинет.

 

24-июлдан кийин БШК жыйынтыкты ММКларга берип, аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитет.

 

Расмий жыйынтык июлдун аягына чейин жарыяланат. Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра шайлоо 11-июлда өтөт.