Жогорку Кеңеш президенттин коронавируска байланыштуу айрым аймактарга өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыктарын бекитүүнү толук колдоду. Мындай чечим парламенттин 24-марттагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.
Андан тышкары, депутаттар өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавируска каршы түшүндүрүү жүргүзүү мөөнөтүн 15-апрелге чейин узартышты. Буга чейин 27-мартка чейин жыйынга чогулбай, аймактарда иштөө чечими кабыл алынган болчу.