Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды

Бүгүн 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды. Парламент төрагасы Талант Мамытов VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери бүгүнкү күндөн тартып иштей баштаганын жарыялап, депутаттарды активдүү катышууга чакырды.

 

Кийинки отурум келерки аптада болору жарыяланды.

 

Парламент июндун аягында жайкы эс алууга тарап, 5-июлда кайра бир айлык кезексиз сессиясын баштаган.

Жогорку Кеңеш 120 мандаттан турат. 2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Кезектеги шайлоо 28-ноябрда жаңы эреже боюнча өтөт. Бул жолку парламенттик шайлоо пропорционалдык (54) жана мажоритардык (36) система менен өткөрүлөт.