Жуманын аягына чейин жаан-чачын күтүлбөйт.
Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымат таратты.
Анда ушул жума бою күн сайын температура мамычалары
жогорулап турат. Мисалы бүгүн жана эртең Бишкекте күндүз
9 градуска чейин жылыйт. Жума күнү абанын табы 12 градуска чейин
жогорулашы күтүлүүдө. Ал эми дем алыш күндөрү аба-ырайы
16 градус + көрсөткүчү менен шаардыктарды кубандырмакчы.