Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Эртең жана бүрсүгүнү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Өлкөнүн басымдуу аймагында жаан, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт. 6-7-октябрда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.   Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында -2 градуска чейин үшүк жүрөт. Аба-ырайынын мындай шарттары… Кененирээк…

Ата-энелер балдары кандай форматта билим ала турганын өздөрү тандай алат

Ата-энелер балдары кандай форматта билим ала турганын өздөрү тандай алат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан түшүндүрүшкөндөй, ата-эне ведомствого арыз жазып, анда баласынын онлайн же кадимки форматта билим ала турганын белгилеши керек.   Эске салсак, эртеңден тарта 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар салттуу түрдө билим… Кененирээк…

Бишкектин башкы санитардык дарыгери 2-6-класстын окуучуларын мектепте билим алышына расмий уруксат бере элек

Бишкектин башкы санитардык дарыгери 2-6-класстын окуучуларын мектепте билим алышына расмий уруксат бере элек. Бул тууралуу 24 агенттигине ордо калаа вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.   Анын айтымында, балдарды кайра кабыл алууга мектептер даяр. Сабактардын жүгүртмөсү түзүлдү, шайлоолордон кийин дезинфекция жүргүзүлдү. Бирок Мамлекеттик санэпидем көзөмөл инспекциясы тарабынан… Кененирээк…

Кыргызстанда  дагы 103 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда  дагы 103 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 6, Ошто 59, Чүйдө 7, Таласта 5, Нарында 3, Ысык-Көлдө 2, Жалал-Абадда 8, Баткенде 13 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө 43 миң 521 адам коронавирусту жеңди.

“Ак-Кула” ат майданын долбоорлоо үчүн дагы бир тендер жарыяланды

“Ак-Кула” ат майданын долбоорлоо үчүн дагы бир тендер жарыяланды. Бишкектин капиталдык курулуш башкармалыгы сынак жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынан билдиришкендей, биринчи тендер өткөрүлбөй калды.   Мэрия ипподромду долбоорлоого 18 миллион 916 сом багыттоо ниетинде. Эске салсак, “Ак-Кула” ат майданы 1947-жылы курулган.

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү дагы азайды

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү дагы азайды. “Электр станцияларынын” маалыматына ылайык, 5-октябрга карата андагы суунун жалпы көлөмү 15 миллиард 194 миллион кубометрди түздү.   Өткөн жылдын 5-октябрында нымдуулук 17 миллиард 248 миллион кубометрге жеткен. Белгилеп кетсек, суунун көломү аз болгонуна карабай, энергетиктер кышында электр энергиясынын… Кененирээк…

Бүгүн кесиптик майрамын Кыргызстандын мугалимдери белгилеп жатат

Бүгүн кесиптик майрамын Кыргызстандын мугалимдери белгилеп жатат. Биздин өлкөдө бул кесипти аркалагандардын көбүн аялзаты түзөт. Жалпы эл агартуучулардын 84 пайызы аялдар, анын 8 пайызы жетекчилик кызматты аркалайт.   Мындай маалыматы менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 4 миң билим берүү мекемеси бар. Аларда… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБи кышка дээрлик 90 пайызга даяр

Бишкек ЖЭБи кышка дээрлик 90 пайызга даяр. Ордо калаанын жылуулук-энерго борборунун директору Андрей Воропаевдин айтымында, объектидеги бардык жабдуулар ондолуп чыкты.   Акыркы эки буу казан ноябрдын башында колдонууга берилет. Учурда ЖЭБдин сактоочу жайларында 130 миң тонна көмүр бар. Отунду жеткирүү планга ылайык аткарылууда.   Воропаев… Кененирээк…

Жогорку Кеңешке алдын ала жыйынтык менен 4 саясий партия өттү

Жогорку Кеңешке алдын ала жыйынтык менен 4 саясий партия өттү. Боршайкомдун маалыматына ылайык, чогулган добуштар менен алдыга президенттик “Биримдик” партиясы чыкты.   Андан кийин эле “Мекеним Кыргызстан” келе жатат. Үчүнчү орунда “Кыргызстан”, төртүнчүдө “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык партиясы жайгашты. Шайлоолордун акыркы жыйынтыгы жакынкы арада расмий жарыяланат.… Кененирээк…

Көп каражат тапкан дүйнөлүк актрисалардын рейтинги түзүлдү

Көп каражат тапкан дүйнөлүк актрисалардын рейтинги түзүлдү. 43 миллион доллар кирешеси менен София Вергара биринчи орунда. 1 жылда 35 миллион доллар тапкан Анжелина Джоли экинчи орунда.   Ал эми Галь Гадот үчүнчү орунга 31 миллион доллары менен жайгашты.