Ош облусунда жаңы мектептин курулушу жыйынтыкталды

Ош облусунда жаңы мектептин курулушу жыйынтыкталды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, объект Орке айылында жайгашып, 375 орунга эсептелген. Учурда анын айланасын көрктөндүрүү, жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.   Долбоордун сметалык баасы 900 миң доллардан ашты. Мектеп окуучуларга каалгаларын ушул айда ачып калат деп… Кененирээк…

Швейцария Кыргызстандагы кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн 320 миллион сом бөлдү

Швейцария Кыргызстандагы кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн    320 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.   Долбоор Каракол шаарында 2-декабрда старт алды. Долбоор Караколдогу лыжа, коньки сыяктуу бир катар кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшүнө жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталат. Биринчи фаза … Кененирээк…

Садыр Жапаров “Республикалык бюджеттин чыгымдарын оптимизациялоо чаралары жөнүндө” мыйзамына кол койду

Садыр Жапаров “Республикалык бюджеттин чыгымдарын оптимизациялоо чаралары жөнүндө” мыйзамына кол койду. Документтин алкагында Жогорку Кеңеш депутаттарынын айлыгын кыскартуу дагы каралган.   Андан тышкары, мурда турак-жай жана кызматтык унааларга компенсация төлөнүп келсе, эми бул берене жоюлду. Ал эми кызматтык батирлер үйү жок депутаттарга гана берилет.

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, эки өлкөнүн өкүлдөрү жолукту.   Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чек ара аймактарында биргелешип кайгуул жүргүзүү чечими кабыл алынды.   Эске салсак, кечээ кечинде чектеш линиянын жанында Тажикстан тарабынан 7-8 ок атуу катталды.

Балбан Жоламан Шаршенбеков Эл аралык күрөш федерациясынан 3 миң доллар алат

Балбан Жоламан Шаршенбеков Эл аралык күрөш федерациясынын (Бириккен күрөш дүйнөсү) 2021-жыл боюнча рейтингинде 3-орунга жазылды. Кыргыз балбаны Норвегиянын Осло шаарындагы дүйнөлүк чемпионатта 60 кг чейинкилер арасында күч сынап, финалга чейин жеткен. Жыйынтыгында күмүш медаль тагынган болчу. Бул жыйынтык балбанга 38 упай берди. Ж.Шаршенбеков ошондой эле Токио Олимпиадасында… Кененирээк…

Оштогу жашоочулар СПИДге анализди акысыз тапшыра алышат

Ош шаарында СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара уюштурулду. Учурда «Алымбек датка» этнографиялык комплексиндеги мобилдик клиникада акысыз текшерүү жүргүзүп жатышат. Анализ акысыз алынып, анын жыйынтыгынын купуялуулугу сакталат. Мобилдик клиникада Ош облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун, Ош облустар аралык бириктирилген клиникасынын дарыгерлери,… Кененирээк…

Казакстанда акча которуулар көзөмөлгө алынат

Казакстан парламенти жарандардын онлайн-акча которууларын көзөмөлгө алуу жана салык салуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Ушул тапта картадан картага онлайн-акча которуу казакстандыктардын күнүмдүк жашоосунда: дүкөндөрдө, таксиде, сулуулук салондорунда кеңири колдонулууда. Бийлик мындай жол менен бизнесмендер кирешелерин жашырып жатканын: картадан картага төлөө кассалык аппараттар аркылуу өтпөй,… Кененирээк…

Россияда рактын бир түрүнө дары ойлоп табылды

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги эмчек рагын дарылай турган препаратты клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу дарыны иштеп чыккан Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмү жарыялады. «Бул гендик-модификацияланган онкологиялык вирустун негизинде жасалган, залалдуу шишикке каршы иштей турган Россиядагы алгачкы препарат. Клиникалык сыноого чейинки текшерүүлөр маалында модификацияланган вирус… Кененирээк…

Бишкекте бий спорту боюнча чемпионат өтөт

Бишкекте бий спорту боюнча чемпионат өтөт. Мэриянын маалыматына караганда, мелдеш 5-декабрь, ушул жекшембиде балдар, жаштар жана чоңдор арасында уюштурулат. Анда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 300дөн ашык бийчи ат салышат. Иш-чараны дене тарбия башкармалыгы менен бий спорту федерациясы биргеликте уюштурат. Чемпионат ордо калаадагы мектептердин биринде өтөт.

Бишкекте медицина кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат

Бишкекте медицина кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бакча 400 балага чакталат. Ал №115-мектепке чейинки даярдоо мекемесинин филиалы болот. Объект Шакиров көчөсүндө жайгашкан мурдагы гематология борборунун имаратында орун алат.