Ленин округундагы шайлоону кол менен санагандагы жыйынтык

ЖКнын депутаттык жарышында Бишкек шаарындагы Ленин шайлоо округунан берилген добуштарды кол түрүндө эсептегенде да Дамира Ниязалиева утуп чыкты. Жыйынтык АСУнун эсеби менен анча көп айырмаланган жок. Sputnik Кыргызстан БШКнын маалыматына таянып, Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган 30 талапкердин кимиси канча добуш алганын окурмандарга сунуштайт. Ленин районунда… Кененирээк…

Самаркандда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча документ бекитилди

Өзбекстандын Самарканд шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу болду. Кыргызстандын Министрлер кабинети кабарлагандай, жумушчу топтордун жыйындары жана Биргелешкен демаркация комиссиясынын биринчи отурумунда чек аранын айрым тилкелери боюнча биргелешкен изилдөөлөрдүн жыйынтыгы талкууланды.   Жыйынтыгында тараптар мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча ченемдик-укуктук жана… Кененирээк…

Бишкекте канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу Бакаев көчөсү 25-августка чейин жабылат

Бишкекте канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу Бакаев көчөсү 25-августка чейин жабылат. Анын Ахунбаев көчөсүнөн Кочкор көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы токтотулат.   Ошондой эле коомдук транспорт жүрүү схемасын өзгөртөт. №19 автобус эми Бакаев көчөсү менен эмес, Тыналиев, Псков, Гагарин, Асаналиев көчөлөрү менен жүрөт. №36, 6-автобустар дагы… Кененирээк…

Ордо калаада көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот

Ордо калаада көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот. Мэрия маалыматына ылайык, объект Муса Жалил – Буденный көчөлөр кесилишинде курулат деп пландалууда.   Парковканы жалпы аянты 9 миң чарчы метрден ашып, 239 унааны батыра алат. Күтүлгөндөй, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын курулушу аталган райондогу тыгындар… Кененирээк…

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы 4 мектеп курулат

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы 4 мектеп курулат. Президенттин аталган райондогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объектилер Токтогул, Үч-Капчад жана Салам-Алик айылдарында пайда болот.   Мектептер жаңы окуу жылынын башталышына карата каалгаларын ачып калат.

Кыргызстанда жазгы талаа иштерин аягына чыгарууга күйүүчү-майлоочу материал жетиштүү көлөмдө бар

Кыргызстанда жазгы талаа иштерин аягына чыгарууга күйүүчү-майлоочу материал жетиштүү көлөмдө бар.   Буга Айыл чарба министринин орун басары Нурдин Алишеров ишендирди. Анын айтымында, жалпысынан республика боюнча күйүүчү майга болгон муктаждык 42 миң тоннаны түзөт.   Фермерлерди отун менен камсыз кылуу максатында министрлик менен Мунай ташуучулар… Кененирээк…

Баткенде «Максат» чек ара заставасы ачылды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда «Максат» чек ара заставасы ачылды. УКМКдан кабарлашкандай, заставанын имараты жаңыдан түптөлүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары заман талабына шайкеш деңгээлде жакшыртылган. Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фельдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары, мончо… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Эртең, 30-майда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 30-майда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Садовая көчөсү — Чүй проспектиси, Ч.Валиханов көчөсү — темир жол линиясы; 7-Апрель — Ауэзов — Исакеев — Ч.Валиханов көчөлөрү менен чектешкен аймакта, ошондой эле «Учкун» кичирайону, «Учкун» конушунда суу болбойт. Суу… Кененирээк…

Баткен облусунун Лейлек районунда «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды

Баткен облусунун Лейлек районунда «Ак-Сарай» чек ара заставасы ачылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.   Жаңыдан курулган заставада чек арачылар үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аскер кызматкерлерине жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо… Кененирээк…

Түркиядагы президенттик шайлоону Режеп Тайып Эрдоган жеңди

Түркиядагы президенттик шайлоону Режеп Тайып Эрдоган жеңди. Шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгын аталган мамлекеттин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер жарыялады.   Маалыматка ылайык, Эрдоган добуштардын 52,14 пайызын алды. Ал эми атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86 пайыз добушуна ээ болду.   Түркияда президент беш жылдык мөөнөткө… Кененирээк…