Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат
Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат. Мэриядан билдиришкендей, мунун себеби Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу. Маалыматка ылайык, 31-августта аянттын аймагындагы унаа кыймылы кечки саат 5тен түнкү 12ге чейин чектелет. Тагыраагы, Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат, — деп белгилешти муниципалитеттен.