Зомбулук көрсөткөндөрдү 2 сутка кармоо сунушталууда.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.
Тиешелүү мыйзам долбоору кечээтен тартып коомдук талкууга чыгарылды.
Ички иштер министрлигинин маалыматында, былтыр 8 айда үй-бүлөлүк зомбулуктун
6 миң 100 учуру катталды. Калыптанган укук колдонуу тажрыйбасына байланыштуу,
жазык-процесстик кодексте үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам 48 саатка кармалат.
Аларга үй-бүлө мүчөлөрүн уруп-сабоо, ден соолугуна зыян келтирүү, шылдыңдоо жана
кордоо учурлары камтылды. Ошондой эле аталган фактылардын улануусуна
негиздер болгон учурда дагы шектүү жаран жоопко тартылат.