Быйыл ордо калааны жарыктандырууга 10 миң жол чырак орнотулат.
Жабдуулар Бишкектин 4 районуна тең бөлүштүрүлмөкчү.
Жыл башынан бери Свердлов районунун 27 тилкесине жабдуулар орнотулду.
Анда 350 жол чырак, 300 кронштейн жана анын алдынан өтүүчү 13 чакырым
жарык таратуучу тармактык линиялар өткөрүлдү.
Калган 3 райондун иштери алдыда өз нугунда жүрөт.