Адистер салют, петардаларды колдонуу эрежелерин сактоого чакырат. Өрт коопсуздугу башкармалыгынан билдиришкендей, пиротехникалык заттарды сатып алууда сапаттуулук сертификатын текшерүү зарыл.
Коопсуздук максатында, салют, фейерверктерди үй, бак-дарактар жана электр өткөрүү зымдарынан алысыраак жардыруу керек. Эн башкысы, аларды балдарга берүүгө болбойт. Петардалардан жарааттар болгондо тез арада дарыгерге кайрылуу сунушталат.