Январдын аягында Кыргызстандын алтын резервинин көлөмү
2 миллиард 432 миллион долларды түздү. Улуттук банктын сайтында жазылгандай,
бул 2002-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Белгилеп кетсек,
Улуттук банк 31-январда доллардын курсун кармап туруу үчүн
31 миллион доллар саткан. Алтын валюта запасы
Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүнчүлүгүн берет.