Бишкекке июлда газ менен жүргөн 350 автобус жеткирилет

Бишкекке июлда газ менен жүргөн 350 автобус жеткирилет.

 

Бул боюнча өзбек компаниясы менен меморандумга кол коюлган. Шаар бийлиги бул автобустарды сатып албайт, болгону каттамдарды аутсорингге берет.

 

Тактап айтканда, шаар каражат коротпойт, болгону транспорттун иштөөсүнө тиешелүү шарттарды түзүп берет. Жалпысынан өзбек компаниясы 1 миң автобус жеткирүүнү пландап жатат. Бул шаарды тейлөөгө толугу менен жетет, — дешти муниципалитеттен.