“Кумтөр” кенинде дайынсыз жоголгон кызматкерлерди издөө уланууда

“Кумтөр” кенинде дайынсыз жоголгон кызматкерлерди издөө уланууда. Өзгөчө кырдалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда 94 куткаруучу иштеп жатат, алардын ичинде кинологдор, альпинисттер бар.

 

Ошондой эле, 35 атайын техника тартылды. Куткаруу операциясы жүрүп жаткан жерде радиациялык фон улам текшерилүүдө. Көрсөткүчтөр нормада.

 

Эске салсак, 1-декабрда “Кумтөр” кенинде жер кыртышы көчтү. Кызматкерлерди эвакуациялагандан кийин, 2 адам жоголгону аныкталды.