Кыргызстан боюнча коменданттык саат эрежесин бузган 241 адам аныкталды

Кыргызстан боюнча коменданттык саат эрежесин бузган 241 адам аныкталды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бүгүн түндө Бишкекте 146,

Ошто 22, Жалал-Абадда 24, Сузакта 29, Кара-Сууда 20 адам кармалды.

Алар милиция бөлүмүнө жеткирилди. Мындан тышкары 12 унаа айып

короосуна киргизилди. Белгилеп кетсек, «Өзгөчө абал жөнүндө»

мыйзам боюнча коменданттык сааттын талаптарын бузган адамды

милиция же кайгуул кызматы мөөнөт аяктаганга чейин кармайт,

ал эми документи жоктор өздүгү такталмайынча,

3 суткага чейин эркиндикке кое берилбейт.