Кыргызстандык спортчулар Олимпиада оюндарына даярданууда.
Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин адиси Марат Аскарбековдун айтымында, учурда алар атайын окутуу-машыгууларды өткөрүүдө.
Бардык уюштуруу суроолору чечилди. Алсак, спортчулардын параддык жана спорт кийимдери, билеттер сатылып алынган. Эске салсак, Кыргызстан капчыгында Олимпиада оюндарына 18 жолдомо бар. Ири спорттук иш-чара 23-июлдан 8-августка чейин Токиодо өтөт.