Лев Толстой көчөсүндө оңдоо иштери ушул айда жанданат. Капиталдык курулуш башкармалыгынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, анын Достоевскийден 7-апрель көчөсүнө чейинки 1 чакырымга жетпеген тилкеси гана калган.
Иштердин кечеңдешине магистралдык түтүктөрдү өткөрүү иштери себеп болгон. Мартта курулуш иштери уланат. Тилке болжол менен 3 айда аяктайт. Андан кийин көчө жарыгы орнотулуп, жол чийиндери түшүрүлөт.