Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсү калыбына келтирилет.
Бул тууралу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров novosti.kgге билдирди.
Анын айтымында, калаанын Манас-Ата кичирайонунда жайгашкан тилкени оңдоп-түзөө
жумуштары 2021-жылы башталат. Учурда көчөдөгү мыйзамсыз курулуштар алынууда.
Эскиздик долбоору каралып жатат, мындан кийин курулушка канча акча сарпталары белгилүү болот.