Россияда корпоративдерге ставкасы эң кымбат жылдыздар аталды

Россияда корпоративдерге ставкасы эң кымбат жылдыздар аталды. Көп жылдан бери рейтингдин сап башында Алла Пугачева турат.

 

Примадоннаны корпоративге чакыруу үчүн 350 миң евро, же 3,5 миллион сомдон ашык бериш керек.

 

Экинчи орунда Земфира жайгашат, анын катышуусу менен майрам 200 миң еврого бааланат.

 

Үчилтикти Григорий Лепс жана Максим Галкин бекитет – 120 миң евродон. Кымбат артисттердин катарына ошондой эле Филипп Киркоров, Стас Михайлов, Николай Басков сыяктуу ырчылар кирет.