Убактылуу айдоочу күбөлүктөрүн алмаштырууга жетишпей калгандарга айып салынат

Убактылуу айдоочу күбөлүктөрүн алмаштырууга жетишпей калгандарга айып салынат. Мамлекеттик каттоо кызматынан эске салышкандай, алардын мөөнөтү 15-февралда соңуна чыгат.

 

Туруктуу документке алмаштыра элек айдоочулар, күбөлүгү жок катары айып төлөөгө аргасыз болот. “Унаа” мамлекеттик ишканасы кадимки режимде иштеп, документ алмаштырууга арыздарды кабыл алууда.