Бишкекте тойкана, түнкү клуб, бар, караоке клуб жана башка көңүл ачуучу жайлар толугу менен жабылат

Бишкекте тойкана, түнкү клуб, бар, караоке клуб жана башка көңүл ачуучу жайлар толугу менен жабылат. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов жарыялады. Ал белгилегендей, эгер карантин режими бузулса,  “Түндүкэлектр” жана “Бишкек суу каналы” ишканаларына жарыкты, сууну өчүрүүгө тапшырма берилет.   Ошондой эле балдарга оюн-зоок уюштурган жайлар,… Кененирээк…

Ордо калаада эс алуу күндөрү такси кызматтарынын ишине тыюу салынды

Ордо калаада эс алуу күндөрү такси кызматтарынын ишине тыюу салынды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт. Ага ылайык, иш күндөрү такси кадимкидей эле иштейт.   Бирок ишемби, жекшемби күндөрү жумушка чыкпайт. Бул эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында кабыл алынган чаралардын бири.

Бишкекте эртеңден тарта коомдук транспорт күндүз иштебейт

Бишкекте эртеңден тарта коомдук транспорт күндүз иштебейт. Novosti.kg ге мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, мэр Азиз Суракматов чектөөлөргө байланыштуу буйрукка кол койду.   Ага ылайык, эми троллейбус, автобус жана маршруттук таксилер иш күндөрү таңкы саат 7ден 10го чейин жана кечкисин 5тен 9га чейин гана иштейт.  Ал… Кененирээк…

Туристтик милиция курорттук аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоодо

Туристтик милиция курорттук аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, стратегиялык жолдордо милициялар, дарыгерлер жана куткаруучулар нөөмөттө турушат.   Жол инспекторлору айдоочулар жана жүргүнчүлөргө жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Туристтер көп топтолгон жерлерде ыкчам-тергөө тобунун нөөмөтү уюштурулат.   Ведомстводон белгилешкендей, туристтер… Кененирээк…

Бишкекте  коомдук транспорттун иш тартиби өзгөрдү

Бишкекте  коомдук транспорттун иш тартиби өзгөрдү. Мэриянын маалыматына ылайык, эми троллейбус, автобус жана маршруттук таксилер иш күндөрү таңкы саат 7ден 10го чейин жана кечкисин 5тен 9га чейин гана иштейт.   Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү Бишкекте коомдук транспорт токтотулат. Бүгүнкү күндө Бишкекте  коронавирус жуктургандардын жалпы… Кененирээк…

Бишкекте коомдук тамактануу жайлары жана соода борборлор күндүз гана иштейт

Бишкекте коомдук тамактануу жайлары жана соода борборлор күндүз гана иштейт. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов жарыялады. Ордо  калаада коронавирус жуктургандар көп аныкталып жаткандыктан, чектөөлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.   Эми кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайлары эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин гана иштейт. Супермаркет,… Кененирээк…

Лионель Месси карьерасындагы 700-голун киргизди

“Барселонанын” аргентиналык футболчусу Лионель Месси карьерасындагы 700-голун киргизди. Мааракелик тобун ал “Атлетика Мадриддин” дарбазасына тепти. Жолугушуу каталондук команданын аренасында болуп, 2:2 эсебинде жыйынтыкталды.   Бул анын карьерасындагы 700-гана голу эмес, “Барселона” үчүн дагы 630-гол болуп калды. Дагы 70 топту Месси Аргентина курамасы үчүн киргизген.

Муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлерине санитардык нормаларга текшерүү укугу берилди

Муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлерине санитардык нормаларга текшерүү укугу берилди. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мэрдин милдетин аткаруучу Алмаз Бакетаев тиешелүү буйрукка кол койду.   Эске салсак, буга чейин санитардык талаптарды бузгандарга карата чараны санэпидем көзөмөл инспекциясынын адистери гана көрө алчу. Калгандарына мындай укук берилген эмес.

Баткен облусунда дагы бир санитардык-карантиндик пост орнотулду

Баткен облусунда дагы бир санитардык-карантиндик пост орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Пост Лейлек районунун кире беришинде пайда болду. Учурга карата облуста 2 негизги санитардык пост иштеп жатат, дагы бешөө чектеш райондордо.   Баткенде көзөмөл коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында күчөтүлүүдө.

Бишкекте ПЦР анализин алуу укугу дагы жеке лабораторияга берилди

Бишкекте ПЦР анализин алуу укугу дагы жеке лабораторияга берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.   Анын айтымында, тестирлөө жеке лабораториялардын базасында жүргүзүлөт.   Аларда ПЦР анализин тапшыруунун баасы 1 миң 600 сом, — деди Каратаев. Белгилеп кетсек, акыркы суткада Кыргызстанда… Кененирээк…