«Акыркы коңгуроо» салтанатында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Кыргызстанда «Акыркы коңгуроо» салтанаты учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана көзөмөлдөө күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда алар бардык орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө, мугалимдерге жана ата-энелерге балдардын коопсуздугунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул күнү кызматкерлер орто мектептердин аймагына… Кененирээк…

“Алтын тамга” тестин ийгиликтүү тапшыргандар кандай артыкчылыкка ээ?

“Алтын тамга” тестин ийгиликтүү тапшырган бүтүрүүчүлөр мектептерде жыйынтыктоочу аттестациядан бошотулат. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбордун директору Бактыгүл Шамшидинова билдирди.   Ал быйыл тестирлөөгө 2 миңден ашык бүтүрүүчү катышканын эске салды. Анын ичинен 149у артыкчылык аттестат алуу укугун… Кененирээк…

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы имараты пайда болот

Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы имараты пайда болот. Курулушка капсула салынганы Саламаттык сактоо министрлигинен маалым болду.   Долбоор боюнча оорукана 350 орунга ылайыкташкан. Анда бир нече бөлүмдөр, анын ичинде изоляциялык бөлмөлөрү бар тез жардам бөлүмү, травматология жана ортопедия, адистештирилген жардам бөлүмү жана… Кененирээк…

Жаандан улам 33 мамлекеттик ирригациялык объект жарактан чыкты

Кыргызстанда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 33 мамлекеттик ирригациялык объект жарактан чыкты. Ушул жылдын апрель-май айларына маалымат менен Айыл чарба министрлиги бөлүштү.   Келтирилген зыяндын суммасы 13,5 миллион сомдон ашкан. Учурда объекттерде калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Андан соң сугат суу берүү иши жанданат.

ИИМ: Бишкектеги окуяларда тогуз кылмыш иши козголду

13-18-майга караган түндөрү Бишкекте болгон окуяларда тогуз кылмыш иши козголуп, 10 адамга айып тагылды.   Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, козголгон кылмыш иштеринин ичинде бейбаштык боюнча үч, тоноого байланыштуу бир, каракчылык боюнча бир, массалык башаламандык боюнча үч, расалык, этникалык, улуттук, диний жана региондор аралык кастыкты козгоого… Кененирээк…

“Манас” аэропортуна бомба коюлган деген маалымат такталган жок

“Манас” аэропортуна бомба коюлган деген маалымат такталган жок. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда аталган аба майдан кадимки тартипте иштеп жатат, пландалган рейстер аткарылууда.   Буга чейин жарылуучу зат коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуация болгон.   Эске салсак, 16-майда да ушундай… Кененирээк…

Кыргызстандын аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт

Кыргызстандын аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Ведомствонун маалыматына караганда, 24-майдан 26-майга чейин өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.   Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат

Быйыл Кыргызстанда 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, алардын көбү Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Саны – 68.   Ал эми эң азы Ысык-Көл жана Нарын облустарында – 6дан окуучу.   14-майда Бишкекте жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн… Кененирээк…

Кыргызстанда бардык пенсиялар 6 миң 800 сомдон кем эмес болору кабарланды

Ушул жылдын 1-октябрынан тарта бардык пенсиялар 6 миң 800 сомдон кем эмес болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.   Мамлекет башчы ишендиргендей, пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы 1-июлдан башталат.   Социалдык фонддун буга чейинки эсебине караганда, Кыргызстанда 764 миң пенсионер бар. Учурда өлкөдө пенсиянын орточо… Кененирээк…

Токтогулдагы суунун көлөмү 9 млрд метр кубдан ашты

Токтогулдагы суунун көлөмү 9 млрд метр кубдан ашты. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө суунун агып кириши секундасына 1 миң 594 метр кубду түзсө, 144 метр куб суу агып чыгууда.   Белгилеп кетсек, бир жыл мурда ушул… Кененирээк…