Акылбек Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Акылбек Жапаров 24-майда КМШга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Жыйындын күн тартибинде энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулоо жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы сыяктуу 10дон ашык маселе бар.
Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо, химиялык өнөр жай, кооптуу калдыктар менен иштөө жана интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзам бузууларга каршы күрөшүү боюнча кызматташууга тиешелүү документтерди кабыл алуу пландалууда.
Сапардын алкагында бир нече эки тараптуу жолугушуулар пландалган.