Бишкек мектептеринде коронавирустун массалык жугушу катталган жок.
Вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтымында, бир мектепте жаңы учур
максималдуу түрдө 3 адамдан чыкты. Ар бири боюнча эпидемиологиялык
иликтөө жүргүзүлүп жатат. Мозгачева белгилегендей, бир окуучу ооруп
калса класс онлайн түрдө билим алууга жиберилет. Эгер вирустун 3 же
андан ашык учуру катталса, анда мектеп толук түрдө аралыктан иштөөгө өтөт.