Бишкектеги митингде кармалган жарандар катталган жок.
Кыйноолорду алдын алуу борборунан билдиришкендей,
5-октябрда «Ала-Тоо» аянтындагы митингге катышкан жарандардын
арасынан ички иштер органдарына эч ким жеткирилген эмес.
Борбордун кызматкерлери Биринчи май, Свердлов, Ленин жана
Октябрь райондорундагы ички иштер башкармалыгына
барып тактоо иштерин жүргүзүштү.