Бишкектеги стационарларга бейтаптар кайрылбай калып, алар жабылууда

Бишкектеги стационарларга бейтаптар кайрылбай калып, алар жабылууда. Мэриядан билдиришкендей, алсак, буга чейин күндүзгү стационарларга 733 адам кайрылып жатса, ал эми 10-августка караган түнү болгону 42 киши келди.

 

Андан улам, чыгым менен адам ресурстарын үнөмдөө үчүн кишилер аз келген стационарлар убактылуу жабылды. Бардык медициналык жабдуулар сактоо жайга киргизилди.