Түркияда мышык баласын ветеринардык клиникага өзү көтөрүп келди

Түркияда мышык баласын ветеринардык клиникага өзү көтөрүп келди. Измирдеги клиниканын кызматкерлери ээси жок мышыкка тамак берип турушкан. Бирок ал эч качан медициналык жайдын ичине кирген эмес.

 

Бирок ошол күнү кичинекей мышыгын жонунан тиштеп дарыгердин кабинетине чейин алып келип, катуу үн чыгара берген. Дарыгерлер аны кароого алып, инфекциядан улам, бала мышыктын көздөрү ачылбай калганын көрүшкөн.

 

Ага дары тамчылаткандан кийин мышык кайра баласы менен чыгып кетти.  Учурда бул видео интернетте көп көрүү топтоп жатат.