Улуттук банк валюта рыногундагы серпилүүнү жөнгө салуу чарасын көрдү

Улуттук банк валюта рыногундагы серпилүүнү жөнгө салуу чарасын көрдү.  Өлкөнүн башкы каржы мекемеси кечээ 53 миллион 700 миң доллар сатты. Учурда республиканын валюта базарындагы абал туруктуу.   Эл аралык резервдин көлөмү жетиштүү деңгээлде жана товардын импортунун беш айлык келечек көлөмүн жаап турат. Кечээ Кыргызстанда доллар… Кененирээк…

Өлкө боюнча доллар кескин түрдө кымбаттады

Өлкө боюнча доллар кескин түрдө кымбаттады. Учурда акча алмаштыруу түйүндөрүндө Америка валютасы 73 сомдон сатылууда. Алар аны 72 сом 90 тыйындан сатып алып жатышат. Белгилеп кетсек, бүгүн түшкө чейин долларды сатып алууда 69 сом 80 тыйын, сатууга 69 сом 90 тыйынды түзгөн. Валюта рыногунун абалы… Кененирээк…

Белгиленбей калган майрамдарга бөлүнгөн каражат мэриянын эсебинде калат

Белгиленбей калган майрамдарга бөлүнгөн каражат мэриянын эсебинде калат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, дүйнөгө тарап жаткан коронавирустан улам Бишкекте өтө турган массалык-маданий иш-чараларды токтотуу чечими кабыл алынды. 8-март Эл аралык аялдар күнү жана 21-март Нооруз майрамына жалпысынан 4 миллион сомдон ашык акча бөлүнгөн. Эми каражат оптимизацияланып, алдыга… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 63 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк «Аймакты өнүктүрүү» долбоорунун алкагында 63 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Эки тараптуу келишимдин алкагындагы каражат Ош облусун өнүктүрүүгө багытталган. Анын алкагында аймактык өнүгүү, Ош шаарынын инфратүзүмү, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү бар.

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү үчүн 30 миллион сом бөлүндү

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү үчүн 30 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, өкмөткө дагы кошумча каражат бөлүп берүү тууралуу сунуш киргизилди.   Учурга карата чек арада өлкө аймагына киргендерди текшерүү үчүн дарыгерлер топтору иштеп жатат. Коронавирустун… Кененирээк…

Кыргызстандын тышкы карызы 5 насыя берүүчүнүн алдында өстү

Кыргызстандын тышкы карызы 5 насыя берүүчүнүн алдында өстү. Каржы министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, 2019-жылы тышкы карыз 25 миллион долларга көбөйүп, ал жалпысынан 4 миллиард долларга жакындады. Бересенин басымдуу бөлүгү же 59 миллион доллар Кытайдын “Эксимбанкынын” алдында. Андан кийинки сапта “Ислам өнүктүрүү”, “Евразия өнүктүрүү банктары” турат. Мындан… Кененирээк…

Кыргызстанда сапатсыз жана аткезчилик менен алынып келинген продукция жок кылынат

Кыргызстанда сапатсыз жана аткезчилик менен алынып келинген продукция жок кылынат. Бул тууралуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештен билдиришти. Тиешелүү токтом өкмөт тарабынан кабыл алды.   Документте сапатсыз азык-түлүктөрдү жок кылуу жазылган. Кеңештен белгилешкендей, бул суроо буга чейин дагы көтөрүлүп келген. Ишкерлер өлкө аймагына сактоо… Кененирээк…

Салык кызматы 2 айда 12 миллиард сом чогултту

  Салык кызматы 2 айда 12 миллиард сом чогултту. Бул тууралуу аталган кызмат билдирет. Алдын-ала маалымат боюнча, белгиленген план 100 пайызга аткарылды же 15,5 миллион сомго ашыгы менен жыйналды. Белгилеп кетсек, салыктардын түшүүсү өткөн жылдын 2 айына салыштырмалуу 744 миллио  н сомго көп экендиги белгилүү болду.

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты. Кечээ өлкөнүн башкы каржы мекемеси 28 миллион доллар сатты. Бул 2 ай ичиндеги үчүнчү интервенция. Жыл башынан бери жалпысынан 86,5 миллион доллар сатылды.   Белгилеп кетсек, Улуттукн банк интервенцияны америкалык валютанын серпилүүсүн алдын алуу үчүн  өткөрөт.

«Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айыптан түшкөн каражат 686 миллион сомду түздү.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айыптан түшкөн каражат 686 миллион сомду түздү. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан novosti.kgге билдиришкендей, аталган каражат 590 миң токтом боюнча. Бул жалпы айып бузуулардын 57 пайызын түзөт. Калган 43 пайызы унаа ээлерине токтом жетпегенден улам төлөнбөй келет. Кошумчаласак, айдоочулар айыпка… Кененирээк…