WhatsApp жаңы функция киргизет

WhatsApp жаңы функция киргизет. Учурда адистер аны тестирлөөдөн өткөрүп жатат. Ал ишке кирсе, колдонуучулар чаттарды архивге сактай алат. Билдирүү келсе дагы, ал мессенджердин төмөн жагында кала берет.

 

Бул тайпалык сүйлөшүүлөрдү жактырбай, бирок алардан кандайдыр бир себептер менен чыга албай жаткандарга ыңгайлуу болот. Анткени, мындай чаттар колдонуучунун тынчын албай калат. Жаңы функция жакынкы арада жеткиликтүү болот.