Дзюдочу Эрлан Шеров Париж олимпиадасына жолдомо алды

Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатынан коло медаль утуп, Париж олимпиадасына жолдомо алды. Ал Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн мелдеште 90 килограмм салмакта күч сынашкан.   Чечүүчү мелдеште италиялык Кристиан Парлатини жеңди. Бул медалы менен Эрлан Шеров кыргыз дюздо тарыхындагы дүйнө чемпионатынан байге уткан алгачкы… Кененирээк…

Улуттук банк бир айдын ичинде валюта рыногунан дээрлик 100 миллион доллар сатып алды

Улуттук банк бир айдын ичинде валюта рыногунан дээрлик 100 миллион доллар сатып алды. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси валютанын курсун жөндөө үчүн интервенцияларды өткөрүп келет.   23-апрелден 22-майга чейин доллардын орточо сатуу курсу 90 тыйынга төмөндөп, 89,66дан 88 сом 76 тыйынга чейин төмөндөгөн.   Эске салсак,… Кененирээк…

Ордо калаада калыбына келтирүү иштеринен кийин жылуулук тармагын текшерүү жүрүүдө

Ордо калаада калыбына келтирүү иштеринен кийин жылуулук тармагын текшерүү жүрүүдө. “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 29-майга чейин түтүктөрдү текшерилет.   Бул күндөрү ар кандай авариялык абалдар катталышы мүмкүн. Жарандарга этият болуп, дароо адистерге чалуу сунушталат. Эске салсак, Бишкекте ысык сууну берүү 1-июнда жанданат.

“Камбар-Ата — 1” ГЭСинин курулушуна даярдык иштери быйыл аяктайт

“Камбар-Ата — 1” ГЭСинин курулушуна даярдык иштери быйыл аяктайт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Учурга карата станциянын аймагына кире турган жолдун дээрлик 3 чакырымы даярдалып, бетон төшөлдү, туннелдин бир тарабынан 64 метр, экинчи жагынан 5 метр казылып бүттү.   Андан тышкары электр жарыгын тартуу,… Кененирээк…

Сомдун курсу жогорулаганы байкалды

Кыргызстанда доллар, евро, рубль, тенгенин сомго карата курсу төмөндөгөнү байкалды. Улуттук банктын 23-майга карата расмий курсуна ылайык, бир доллар 88,02 сом.   Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары долларды 88,15 сомдон сатып алып, 88,55-88,65 сомдон сатышууда.   Евро бүгүнкү күндө 95-95,3 сомдон сатып алынып, 95,9-96 сомдон сатылууда.… Кененирээк…

Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеп жүргөн 131 чет элдик жаранга айып салынды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы облустун райондору менен шаарларында жүргүзүлгөн рейдде чет өлкөлүк 1 387 жаран текшерилип, алардын ичинен 131и Кыргызстанда тиешелүү уруксат документи жок иштеп жүргөнү аныкталганын билдирди. Мекеме алар кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.   Бул факты боюнча Укук… Кененирээк…

Чүй облусунун Военно-Антоновка айылында курулушу токтоп калган мектепте иштер улантылат

Чүй облусунун Военно-Антоновка айылында курулушу токтоп калган мектепте иштер улантылат. Объекттеги жумуштарды улантууга тендерди аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.   Бул максатта дээрлик 72 миллион сом багытталат. Белгилеп кетсек, Сокулук районунда жайгашкан мектеп 700 окуучуга эсептелген.

Ак-Талаа районунун энергетиктери келе жаткан күз-кыш сезонуна даярдыкты баштады

Ак-Талаа районунун энергетиктери келе жаткан күз-кыш сезонуна даярдыкты баштады. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, бир катар иштер пландалды.   Алсак, 30 мамы жаңыларына алмаштырылат, 36 трансформатор оңдолуп, жаңы электр өткөрүү линиялары тартылат. Андан тышкары, Жаңы-Талап, Чолок-Кайың жана Терек айылдарында ашыра жүк келүү менен иштеп жаткан трансформаторлор… Кененирээк…

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы эң ири күн электр станцияларынын биринин курулушун каржылайт

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы эң ири күн электр станцияларынын биринин курулушун каржылайт. Бул тууралуу банктын сайтында жазылган. Кеп Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы кубаттуулугу 300 мегаватка жеткен станция жөнүндө болуп жатат.   Евразия өнүктүрүү банкы 15 жылга 210 миллион долларга чейин каражат бөлөт. Объектти ишке киргизүү 2025-жылдын… Кененирээк…

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Турнир учурда Абу-Даби шаарында өтүп жатат.   Шеров   90 килограмм салмакта күч сынашкан. Ал чечүүчү мелдеште италиялык Кристиан Парлатини жеңди.