Ош облусунун Ноокат районунда жаңы цемент заводу курулат.
Ишкана Ынтымак айылынын Сары-Талаа тилкесинде жайгашат жана
андан суткасына 3,5 миң тонна цемент өндүрүлөт. Муну менен
35 жаңы жумуш орду түзүлөт. Күтүлгөндөй,
курулуш иштери жакынкы аралыкта башталат.