Баткен облусундагы Айдаркен сымап комбинатынын иши жанданат

Баткен облусундагы Айдаркен сымап комбинатынын иши жанданат.

Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, алгач,

бир катар көйгөйлөрдү чечүү маселеси турат. Алсак, суу басып калган шахтаны тазалоо,

Соцфонд, газ, электр энергиясына карыздар. Комбинат шахтасынын негизги бөлүгү ишке кирсе,

1 миң адам жумуш менен камсыздалат. Учурда сымап жана сурьма кендери өндүрүлүп,

Россия, Түркия жана араб өлкөлөрүнө экспорттолууда. Аталган аймакта

50 жылга жете турган сымаптын жана сурьманын изилденген кору бар.