Бишкекте “Тазалыктын” кызматкерлери көчөлөрдү тоңгон муздан арылтууда

Бишкекте “Тазалыктын” кызматкерлери көчөлөрдү тоңгон муздан арылтууда. Мэриянын маалыматына ылайык, ордо калаанын көчөлөрүн тазалоого күнүнө  650дөн ашык көчө шыпыргыч жана 120 жүк ташыгыч чыгып жатат.

 

Жолдорго 24 тонна техникалык туз себилди. Белгилеп кетсек, ашкча чаңдан арылуу максатында, муниципалитет кум себүүдөн баш тартты.