Кыргызстанда нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам 33 мамлекеттик ирригациялык объект жарактан чыкты

Кыргызстанда нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам 33 мамлекеттик ирригациялык объект жарактан чыкты. Үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларына карата маалымат менен Айыл чарба министрлиги бөлүштү.

 

Келтирилген материалдык зыян  13,5 миллион сомду түзөт. Ведомствонун адистештирилген бөлүмдөрү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Андан кийин сугат суусун берүү жанданат.